Орозо 19-февралда башталат

Орозо 19-февралда башталып, ушул күнү ооз бекилет. Бул боюнча Өзбекстандын Самарканд шаарында ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн муфтияттарынын алдындагы фатва кеңеши чечим кабыл алды.

Ага ылайык, 18-февраль күнү кечинде өлкө аймагындагы жалпы мечиттерде тараба (таравих) намазы окулат.