«Орозо туткан адамдын оозун ачырса, кармаган адамдан кем эмес сооп алат» дейт муфтияттын өкүлү

30 күндүк орозо кармоого дит койгон адам кандай парздарды, шарттарды жана эрежелерди аткаруусу керек? Орозо кимдерге сунушталбайт? Эмнеге уруксат берилип, эмнеге тыюу салынат? Орозо кайсы учурда бузулуп, кайсы учурда бузулбайт? Ушул жана башка суроолорго Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийинин орун басары Абибилла Кадырбердиев жооп берди.

«Орозо кармаган адамдын оозун ачырса, кармаган адамдан кем эмес сооп алат. Хадисте бар кимде-ким орозо кармаган адамдын оозун ачырса, орозо кармаган адамдын сообунан кемитилбей, ага да берилет. Орозо кармаган адамдын сообу кандай болорун Кудай эле билет. Бирок оозун ачырып койсом, орозо кармабай эле койсом болот деген түшүнүк болбосун. Аны жоопкерчиликтен качырбайт», — деди ал.