Орозодо уктап калып ооз бекитпей калса эмне болот?

30 күндүк орозо кармоого дит койгон адам кандай парздарды, шарттарды жана эрежелерди аткаруусу керек? Орозо кимдерге сунушталбайт? Эмнеге уруксат берилип, эмнеге тыюу салынат? Орозо кайсы учурда бузулуп, кайсы учурда бузулбайт? Ушул жана башка суроолорго Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийинин орун басары Абибилла Кадырбердиев жооп берди.

«Муфтияттан чыккан намаз убактыларынын календары бар. Багымдаттын убагы башталганда ооз бекитиши керек. Көп адамдар азанга ишенишет, бирок азанчы уктап калышы мүмкүн да. Ал деле пенде да. Көп учурда календардагы убакытка маани берүү керек. Эгер кайсы себеп менен уктап калса, жөн эле ниет кылып коюу керек. Эч нерсе жебей, ичпей, орозону уланта берсе болот. 5:50дө ооз бекитиш керек болсо, ошону таңкы 3тө эле бекитип алышат. Календардан 5 мүнөт эле эрте бекиткен жакшы»,- деди ал.