«Өрт өчүрүүчү унаа кире алган эмес». ИИМдин курсанттары Кызыл-Аскерде өрттөнүп жаткан үйдү өчүрүүгө жардам беришкен

25-августта болжол менен түнкү саат 03:00дө Кызыл-Аскер конушунун Чугуев көчөсүнүн № 95 үйүнөн өрт чыгып, ага жакын турган үйгө жайылган үрөй учурган өрт кырсыгы катталган. Өрт таңкы саат 06:30да жашоочулардын жана өрт өчүрүүчүлөрдүн жардамы менен өчүрүлгөн. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Жолдун тардыгынан өрт өчүрүүчү унаа кире албай, суу өчүрүүчү шлангалары өрт болуп жаткан жерге жетпей турган кезде, батирде убактылуу жашап жатышкан ИИМдин Республикалык окуу борборунун талапкерлери Алмамбет Маматалиев, Кеңешбай уулу Баратали, Мыктыбек Абдраимов жана Бекболот Гапаралиев аттуу жигиттер өрттүн жайылып кетүүсүн алдын алышып, өрттү өчүрүүгө жардам беришкен.