Өрттөлгөн жана талкаланган… Максат айылынын бүгүнкү абалы (сүрөт, видео)

Баткен облусундагы Максат айылынын бүгүн, 2-майга карата абалы тартылган видео интернетте тарады. Айылды аралап тартылган тасмада бир караан жок. Анда өрттөлгөн жана талкаланган үйлөрдү, дүкөндөрдү, жакында эле курулган мектепти, имараттардын аткыланган дарбазаларын көрүүгө болот.