Өрттөнүп жаткан үйдөн энеси менен кызынын өмүрүн сактап калган милиция кызматкери «Каармандык» медалы менен сыйланды

Өрттөн энеси менен кызынын өмүрүн сактап калган милиция кызматкери “Каармандык” медалы менен сыйланды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

4-июль күнү ИИМдин Борбордук аппаратында кызмат учурунда өрттөн эки адамдын өмүрүн сактап калган ИИМдин Күзөт кызматынын Биринчи Май райондук күзөт бөлүмүнүн милиционери милициянын старшинасы Калыбек Асылбековго сыйлык тапшырылды. Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов медалды тапшырып жатып, милиция кызматкерине көрсөткөн эрдиктери үчүн ыраазычылык билдирип, арабызда коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө өз өмүрүн тобокелге салып, күн сайын кызмат өтөп жаткан эр жүрөк тартип сакчылары бар экенин сыймыктануу менен белгиледи.