«Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандык менен тажикстандыктарга өлкөдөн чыгууга тыюу салынды, бул мобилизацияга байланыштуу» деп жазат «Холод» басылмасы.
Басылма кыргызстандык 50 жаштагы Бекболот пландалгандай 22-декабрда Казакстанга кете албай калганын жазды. Ал жаран орус паспортун бир нече жыл мурун алган. «Орус чек арачылары мени мобилизациялык тизмеге киргенимди абдан сылык түшүндүрүштү. Бул мыйзам боюнча мен 12-февралга чейин чет өлкөгө чыгууга укугум жок», — деген Бекболот.