Орусия жакырчылыкта жашаган Кыргыз өлкөсүндөгү үй-бүлөлөргө 9 миң тонна азык-түлүк өткөрүп берет

Россия. Ростов-на-Дону. 30 июня. Во время прохождения к границе колонны грузовиков с гуманитарной помощью для народа Украины от Российского союза спасателей. Фото ИТАР-ТАСС/ Валерий Матыцин

Орусия жакырчылыктын чегинде жашаган Кыргыз өлкөсүндөгү үй-бүлөлөргө 9 миң тонна азык-түлүк өткөрүп берет.

Маалыматка ылайык, аталган мамлекет тарабынан 8 миллион долларга гуманитардык жардам көрсөтүү чечими кабыл алынган. 25-ноябрда буудай унун жана өсүмдүк майын өткөрүп берүү аземи болуп, андан кийин өлкөнүн аймактарына таратылат. Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо боюнча башка долбоорлорду каржылоону, анын ичинде республиканын мектептеринде башталгыч класстардын окуучуларын ысык тамак менен камсыздоону улантат.

Бүгүнкү күнгө чейин 400 миңге жакын окуучулар ысык тамак менен камсыздалган.