Орусияда 25 жаштагы кыргыз кызды унаа сүзүп кеткен. Жакындары элчиликтен жардам сурайт

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Гүлайым Борбукеева аттуу жаран кайрылып, бир тууган эжесинин 25 жаштагы кызы Жаныш кызы Альбинаны Орусияда жөө өтмөктөн айдоочу сүзүп кетип, учурда ооруканада эс-учун жоготкон абалда жатканын айтты.

«Альбина 25 жашта. Турмушка чыга элек. Кышта Орусияга иштөө үчүн кетишкен. 22-августта жумуштан 20:30 чамасында чыккан экен. Ошол жумушу жактан эле айдоочу сүзүп кетиптир. Жанында чогуу иштеген жаран болгон. Экөө тең ооруканага жеткирилген. Жанындагынын буту сыныптыр. Ал эми кызыбыз 22-августтан бери комада жатат. Кечээ, 25-августта абалы начарлап операция болду. Учурда булар Подольск шаарында. Ошол жерде бир эле госпиталь бар экен, ошонун сыныктар бөлүмүндө жатат. Сүзүп кеткен адам 40 жаштар чамасындагы орус улутундагы жаран мас абалында болчу экен. 24-августта анын жактоочусу байланышка чыгыптыр. Биз чыгымдарды эле төлөп берсин дегенбиз. Альбинанын иш берүүчүсү ага жактоочу жалдап бериптир. Учурда анын абалы оор. Ал өзүнө келип, көзүн ачкан соң, операция болуп, которулушу керек. Анткени Подольск шаарында операция кылчу шарты жок экен. Операция Москвада жасалышы керек, баасы 2 миллиондон 5 миллион рублга чейин деп жатышат. Элчилик сурап койсо болот эле. Мен кайда кайрыларымды билбей жатам. Бул жактагылар элчилик аралашса, иш тез бүтөт эле деп жатышат. Бизге юридикалык жардам керек болууда», — деди ал.