Орусияда 25 жаштагы кыргыз кызды унаа сүзүп, комада жатышы. Элчилик ишти өз көзөмөлүнө алды

Буга чейин СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Гүлайым Борбукеева аттуу жаран кайрылып, бир тууган эжесинин 25 жаштагы кызы Жаныш кызы Альбинаны Орусияда жөө өтмөктөн айдоочу сүзүп кетип, учурда ооруканада эс-учун жоготкон абалда жатканын айтып, элчиликтен жардам сураган.

Бүгүн, 31-августта кыздын жакындары менен байланышканыбызда, кыздын дагы эле комада жатканы маалым болду. Окуя боюнча ТИМ маалымат берип, окуяны элчилик көзөмөлүнө алганын билдиришти.

«Жабырлануучу Подольск облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы оор деп бааланууда. Жабырлануучунун жалпы абалы турукташканда аны адистештирилген медициналык жардам алуу үчүн башка медициналык мекемеге которуу маселеси каралат. Бул маселе Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы элчилигинин көзөмөлүндө. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн жооптуу кызматкерлери жабырлануучунун жакын туугандары жана алардын өкүлү менен байланышты кармап турушат»,- деп айтылат маалыматта.