Орусияда 5-кабаттан кыргызстандык окуучу кыз кулап түшкөн

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында көп кабаттуу үйдүн терезесинен окуучу кыз кулап түшкөн. Ал кыргызстандык экенин жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жарыялады.

Окуя 11-майда күндүз катталып, анда 10 жаштагы кыз 5-кабаттан кулап, бир нече жаракат алды. Аны ооруканага жеткиришкен. Журналисттердин маалыматы боюнча, жабыркаган кыз Кыргыз жараны. Ал Петербургда жашап, Кыргызстандагы мектептен аралыктан билим алып жаткан. Ал эми ата-энеси Петербургда катталбаганы айтылууда. Окуянын чоо-жайы такталып жатат.