Орусияда дайынсыз болуп жаткан 11 жаштагы кыргызстандык табылды

Екатеринбургда 28-январда жоголгон 11 жаштагы кыргызстандык бала табылды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. 

Маалыматка караганда, полицияга 29-январда ата-энеси баланын жоголушу боюнча арыз менен кайрылып, 30-январда Кыргызстандын Башкы консулдугуна кайрылышкан.

Баланы издөөгө милиция кызматкерлеринен тышкары ыктыярлардын уюмдары, кыргызстандык мекендештер, башкы консулдуктун кызматкерлери да кошулган. Жоголгон баланы ыктыярчылар таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Табылган баланын ата-энеси полицияга чакырылган.