Орусияда элчиликтин алдына митингге чыккан жарандын Кыргызстанга өткөрүлгөнү айтылды

Активист, блогер Эмил Бекиевди Москва шаарынан 220-берененин негизинде Кыргызстан тарап өздөрүнө өткөрүү үчүн алып кетишти. Бул тууралуу мурдагы депутат Орозайым Нарматова жазып чыкты.

«Биздин бийликтин тийиштүү тараптары Орусияга кайрылып, «Бекиевди өткөрүп бергиле, ал киши бийликти басып алууга, массалык башаламандыкты козутууга аракет кылган коркунучтуу адам» деп суранышкан. Учурда Бекиев Кыргызстанга алынып кетип жатат«, — деп жазды ал.

Жогорудагы маалымат боюнча Ички иштер министрлигинен СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине тактап, кийин маалымат беришерин билдиришти.

Буга чейин Эмил Бекиев Орусияда плакат көтөрүп, элчиликтин алдына митингге чыккан.