Орусияда жол кырсыкта каза болгон жарандын жубайы: «Нан да ооз тийбей, шашып кеткен»

22-августта ӨКМ Орусиядагы жол кырсыкта каза болгондордун тизмесин жарыялады. Алардын арасында 47 жаштагы Азиз Каныбек уулу да бар. Кечээ, 23-августта маркумдун сөөгү туулган жерине жеткирилген.

Анын жубайы «Азаттыкка» жолдошуу тууралуу айтып берген. «Орусияда жыргаганынан жүргөн жок. Балдарымды багам, оокат үчүн жүрдү. Ойлогон ой-максат, тилеген тилегине жетпеди. 2005-жылы Казакстанга барып иштегенбиз. 2011-жылга чейин ошол жакта жүрдүк. Ал жакта ишибиз жылышпай, Орусияга кеттик. 2013-жылдан бери ошол жакта иштечүбүз. Уулум унаа сүйлөшүп берип, ишемби күнү жолго чыкмак. «Жеңил унаа экен, мен сүйлөшүп койдум. Бутуңуз ооруйт, унаанын алдында отуруп барасыз» деген уулум. Бирок жума күнү бирөө чалып эле «кеттик» деп калды. Саат 2ге чейин үйдө эс алды. Чай койдум, нанымды ооз тийбей кеткен. Эрте барып, даректи таба берейин, болбосо кетип калышат деп, шашып кеткен. Мен эч жөнөткүм келбей, «барбай эле койчу» десем болгон жок», — дейт жубайы.