Орусияда кыргызстандык жаран менен жергиликтүү тургундун никеси жасалма деп табылды

Орел шаарында Кыргызстандын жараны менен жергиликтүү тургундун никеси жасалма деп табылды. Бул тууралуу маалымат Орлов облусунун прокуратурасынын сайтында жарыяланды.

«2022-жылдын июнь айында Орусиянын жараны менен Кыргызстандан барган жарандын ортосунда үй-бүлө куруу ниети жок эле чет элдик жаранды миграциялык каттоого коюу максатында нике кыйылганы аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Прокурор никени жараксыз деп таануу боюнча сотко доо арыз жөнөткөн. Сот өтүнүчтү канааттандырган. Соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирди.