Орусияда кыргызстандык таксист кызга жүргүнчү чайга деп 60 миң рубль таштап кеткен (видео)

Москвада такси айдаган кыргызстандык Нурия Мусаевага жүргүнчү 61 миң сом таштап кеткен. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Мен алар менен 5-6 саат жүрдүм. Нес абалда эле калдым. Бул буга чейин берген акчалардын эң көбү болду»,— деген ал.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Нурия Мусаева менен байланышканыбызда, ал 4 жылдан бери такси айдап иштерин, мындай учур биринчи жолу болуп жатканын, акча таштаган адам москвалык экенин айтты.