Орусиядагы жол кырсык. Фуранын айдоочусунун жүрөк оорусу кармап калган болушу мүмкүн экени айтылды

Ульянов облусунун губернатору Алексей Русских жүк ташуучу унаанын айдоочусун 16 адам каза болгон кырсыкка күнөөлүү деп атады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кырсыкка себепкер болгон жүк ташуучу унаанын айдоочусунун жүрөк оорусу кармап калган. Алексей Русскихтин айтымында, кырсык болгонго чейин эле айдоочу көз жумган.