Орусиядагы медкароодон өтүшү керек болгон мигранттардын миңдеген кезеги. Элчилик үн катты

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги орус тарап менен биргеликте Кыргыз жарандарынын медициналык маалымкат алуу маселесин чечет деп үмүттөнөт. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө Москвада медкароодон өтүшү керек болгон миңдеген мигранттардын кезекте турган сүрөтү жарыяланган. 

Элчилик жыл башынан бери Орусиядагы чет элдик жарандар, анын ичинде кыргызстандыктар медициналык кароодон өтүүдө, манжа изин каттоодо жана сүрөткө тартууда кыйынчылыктарга дуушар болгонун белгиледи. «Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен белгиленген мөөнөттөр (үч ай) аймактык ички иштер органдарына өткөрүп берүү үчүн документтердин колдонуу мөөнөтүн карайт жана үч айда бир жолу экспертиза жүргүзүү зарылдыгын билдирбейт», — деп айтылат маалыматта. 

Элчилик Орусияга барган Кыргыз жарандарынын абалын татаалданткан оор кырдаалды жөнгө салуу боюнча бир катар чараларды, анын ичинде дипломатиялык чараларды көрүп жатканын баса белгиледи. Февраль айында Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Мамлекеттик Думанын жана Федерация Кеңешинин депутаттары, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолугушту. Андан соң элчиликтин консулу Алмаз Букалаев Орусиянын Ички иштер министрлигинин жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушту. 24-январда Орусиянын Тышкы иштер министрлигине Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен нота жөнөтүлүп, анда бардык аныкталган көйгөйлөр жана жол-жоболор учурунда кыргызстандыктар туш болгон кыйынчылыктар белгиленген. 17-февралда Орусиянын Тышкы иштер министрлигине ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн Орусиянын ыйгарым укуктуу мекемелеринде медициналык текшерүү, манжа изин каттоо жана сүрөткө тартуу үчүн өзүнчө коридор ачууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрадан элчиликтен нота жөнөтүлгөн. Элчилик орус тарап менен биргеликте Кыргыз жарандарынын Орусияда болушу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган чараларды көрүүгө үмүттөнөт.