Орусиялык блогер калпакты тепкени үчүн Кыргыз элинен кечирим сурады

Орусиялык жаш футболчу жана блогер Даниил Крапивников манекенге кийгизилген ак калпакты тепти. Видео социалдык тармактардагы баракчаларга жүктөлдү. 

Видеодон кийин албетте, бул терс пикирлерди жаратты. Соцтармактын колдонуучулары блогердин кечирим суроосун жана мыйзам менен жазаланышын талап кылышты.

18 жаштагы футболчу көп өтпөй эле, Кыргыз элинен кечирим сурап, бул Кыргыз элинин улуттук баш кийими экенин билбегенин айтты. «Урматтуу, Кыргыз эли. Мен кылыгым үчүн кечирим сурайм. Мен жаман оюм жок эле бул ишке баргам, себеби бул сиздердин улуттук баш кийим экенин билген эмесмин. Ошол үчүн бул видеого маани деле бербептирмин. Мындан ары кайталанбайт», — деди ал.