Орусиялык блогер кыргызстандык курьер жигитке iPhone 13 белек кылды (видео)

Орусиялык блогер, ырчы Ольга Бузованын мурдагы жигити Дава Манукян кыргызстандык курьер жигитке iPhone 13 белек кылды. Ал видеону соцтармактагы баракчасына жарыялады.

Видеодон көргөндөй, жигит кыргызстандык экенин, сүрөт тартууга кызыгарын айтат. Ал эми блогер ага акыркы үлгүдөгү iPhone белек кылып, сүрөт тартуусун улантуусу керектигин билдирди. Кийинчерээк кыргызстандык жигит анын аты видеодо айтылгандай Жошгун эмес, Эламан экенин жазды.