Орусиялык альпинист Наталья Наговицынанын машыгуу деңгээли жетишсиз болгондугу үчүн үч гид Жеңиш чокусуна чыгууга тыюу салган. Бул тууралуу Орусиянын Альпинизм федерациясынын вице-президенти Александр Пятницын 28-августта орусиялык ТАСС маалымат агенттигине билдирген.
«Үч гид ага ал жакка барууга тыюу салып, анын даярдыгы төмөн болгондуктан аны менен бирге чыгуудан баш тартышкан», — деп айтылат маалыматта.
Пятницындын айтымында, тыюу салынганына карабай, Наговицына коштоочуларды тапкан.
Окуянын хронологиясы “Ак-Сай Трэвел” туристтик компаниясынын маалыматы боюнча:
- 12-августта Орусиянын жараны Наталья Наговицына 7200 метр бийиктикте бутун сындырып алган. Анын жанындагы Роман Мокринский биринчи жардам көрсөтүп, жардам чакыруу үчүн ылдыйга түшкөн.
- 13-14-августта жабыркаган аялга италиялык Лука Синигалья менен Германиядан келген Гюнтер Зигмунд чыккан. Алар ага уктоочу баштык, тамак-аш жана газ жеткирип беришкен. Бирок аба ырайына байланыштуу алардын жолу бөгөттөлүп калган.
- 15-августта Луканын абалы начарлап кеткен. Дарыгерлер анын мээси шишип кеткенин божомолдошкон. Кечинде лагерге жетпей каза болуп калган.
- 16-августта Коргоо министрлигинин Ми-8 учагы 4600 метр бийиктиктеги Дикий ашуусунда катуу конгон. Андагы адамдардын баары аман калган. 4 адам жаракат алып, Караколго жеткирилген.
- 19-21-августта учкучсуз учактар Наговицынада аман экенин катташкан, бирок кар көчкү коркунучу куткаруучулар тобунун ага жакындашына тоскоол болгон.
- 23-августта аба ырайынын кескин начарлашынан жана куткаруу тобунун жетекчисинин ден соолугунун начардыгынан куткаруу операциясын токтотууга аргасыз болушкан.
Учурдагы абал:
● Наталья Наговицына 7200 метр бийиктикте жатат. Анын абалы тууралуу маалымат жок. Эвакуация аба ырайы турукташып, кесипкөй даярдыктан өткөн команда жана тик учак менен камсыз болгондо гана мүмкүн болот.