«Своим ходом» долбоорунун белгилүү орусиялык блогерлери — Виталик менен Лиза Кыргызстан тууралуу видео жарыялашты.
40 мүнөттүк видео блогерлердин расмий YouTube аккаунтуна жарыяланган. Саякатчылар он күнгө жол тандабасты ижарага алып, Бишкекти кыдырып, Ала-Арча коругуна барышкан. Келген коноктор Кыргызстандын табиятына суктанышып, кийинки блог Ысык-Көлгө арналарын убада кылышты.