Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын элчисин ачык сүйлөшүүгө чакырды

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко менен жолугушту. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.

«Элчи Орусиянын Тышкы иштер министрлигине чакырылган. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери, ЖККУ алкагындагы кызматташтык, эки өлкөнүн жетекчилеринин алдыдагы жолугушуусу боюнча ачык сүйлөшүү орун алды.

Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелердин союздаш экени, анын актуалдуулугу бүгүнкү татаал геосаясий кырдаалда өсүп жатат», — деп айтылат билдирүүдө.