«Өрүктүн баасы 15 сом болуп жатат» деген тургундар өлкө башчысына кайрылышты

Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылынын тургундары президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Алар өрүктүн баасы арзан болуп өтпөй жатканына нааразы болушууда.

Тургундар мамлекет башчысынан өрүктү кайра иштетүүчү ишканаларды курдуруусун же чет жакка экспорттоого шарт түзүп берүүсүн өтүнүүдө.

«Бир жыл бою күткөн өрүк бышкан маалда 15 сомдон да алган киши жок болуп атат. Экологиялык жактан таза өрүктөрүбүз баа болбой, жерде тебеленди болууда. Урматтуу Садыр Нургожоевич, Балыкчы же Чолпон-Ата шаарына компот, сок чыгарган завод салып берүүңүздү суранабыз. Ошондой эле чет мамлекеттерге экспорт кылуу маселесин чечип берүүңүздү өтүнөбүз», — деди айыл тургуну Адилет Жанаманов.