Ош автобекети шаар мэриясынын карамагына өттү

Ош автобекети шаар мэриясынын карамагына өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Шаар мэри тезинен бекеттин аймагын асфальттоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жумуштарды баштоону, ушул жылдын сентябрь айына чейин бүткөрүүнү тапшырган.
Ошондой эле жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл буруу менен автобекетти капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча долбоорду даярдоо тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, автобекет Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилди. Имарат буга чейин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагында болгон.