Ош ЖЭБ директору: «Жылуулукту иштеп чыгуу жана камсыздоодо мүчүлүштүктөр жок»

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы жылуулук электр борборуна барды.

Ош шаардык ЖЭБ директору Нурлан Арапбаев ишканадагы жабдуулар штаттык режимде иштеп жатканын, жылуулук жана электр энергиясын иштеп чыгуу жана камсыздоодо мүчүлүштүктөр жок экенин белгиледи. Анын айтымында, 330 көп кабаттуу үйдү, 199 турак-жайды жана 88 социалдык объектини жылуулук жана электр энергиясы менен камсыздоочу 2 турбоагрегатор, 2 трансформатор, 2 ысык суу казандары иштеп жатат.

Акылбек Жапаров жылытууну акырындык менен борборлоштуруудан алыстатуу зарылдыгын белгилеп, жаңы турак жайларды долбоорлоодо автономдуу отканалар каралышы керектигин кошумчалады.