Ош менен Ысык-Көлдө жер титиреди

Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык кечээ, 29-октябрда саат 18:47де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш айылында 2 баллга жеткен. Кара-Киндик айылынан 7 чакырым түштүктө, Сопу-Коргон айылынан 42 чакырым түштүк батышта чейин сезилген.

Ошондой эле, 30-октябрда түнкү саат 01:35те очогунда күчү 3,5 магнитудага жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү, Кароол-Дөбө, Ананьево, Жаркынбаев айылдарында 3 балл Кичи-Өрүктү, Кожояр-Ата, Көк-Дөбө айылдарында 2,5 баллга жеткен. Ананьево айылынан 10 чакырым түштүк чыгышта, Каракол шаарынан 57 чакырым түндүк батышында чейин сезилген.

Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.