Бүгүн, 1-майда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте кезектеги рейдге чыкты.
Рейддин алкагында мэр Волгоград көчөсүндө жайгашкан “Фирдаус” мечитинде багымдат намазын окуп, жергиликтүү аксакалдар менен мечитти башка жакка жылдыруу, жолду бошотуп берүү маселеси боюнча сүйлөштү. Андан соң, шаар башчысы шаардын бир катар көчөлөрүндө жүрүп жаткан жумуштарды жеринен көрүп чыгып, жумуштарды сапаттуу, ошол эле учурда өз мөөнөтүндө бүткөрүү тапшырмасын берди.