Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин таңкы рейддик кыдыруусунда Касымбеков көчөсүн бойлой аккан “Жекелик” каналынын корук аймагына жана жашыл аймак курулуп калган курулуштарды алып салуу боюнча эскертүүлөр бериле баштады.
«Эч кандай мыйзамдуулук жок. Ошто «только по понятиям» жашашат экен. Кимдин акчасы, бийлиги болсо, басып алмай… Мыйзамдуулук жок. «По понятиям живут». Мыйзам деген болушу керек. Балдар, азыр башка бийлик келди. Урматтуу президентибиз, генералыбыз “шаарды татынакай кылгыла” деп жатат. Мыйзам болушу керек да!” — деди Жеңишбек Токторбаев.