Ош облустук ооруканасында орундардын жетишсиздигинен улам балдар менен энелер жерде жатышат

Ош облустук ооруканасында балдар менен энелер орун жоктугунан улам жерде жатышат. Бул тууралуу Азамат Абсаттаров Фейсбуктагы баракчасына жазып, сүрөт менен бөлүштү.

«Балдарды этияттайлы! Бул сүрөт облустук балдар ооруканасынан тартылган. Мен да баламды алып бардым. Дарыгерлерге рахмат. Ооруган балдар көп болсо да жетишип карап жатат. Палаталар толуп калыптыр. Коридордо жаткан энелер менен балдар үчүн дарыгерлерди күнөөлөбөшүбүз керек. Балдарды абайлайлы!»,- деп жазды ал.