Бүгүн, 20-март күнү Ош облусунда ыйык Орозо айт майрамына карата айт намазы окулду. Облустун аймагындагы жалпы 425 мечитте уюштурулган айт намаздарына миңдеген жарандар катышты.
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев “Имам ат-Термизий” борбордук мечитинде айт намазга катышып, облус тургундарын жана келген конокторду Орозо айт майрамы менен куттуктады. Облустагы бардык мечиттерде айт намазы тынч өттү.