Ош ОИИБ: Алайда 10-класстын окуучулары 9-класстын окуучуларынан акча талап кылып жүргөн деген факты чындыкка дал келбейт

Бул факты Алай РИИБге каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Бул тууралуу Ош ОИИБи маалымдады.
Анын натыйжасында 16-апрель күнү Алай районундагы орто мектептердин биринде спорттук иш чарага байланыштуу мугалим менен окуучулардын ата-энелеринин ортосунда пикир келишпестиктер жаралган. Бул факты боюнча 20-апрель күнү милиция кызматкерлери жерине барып, текшерген учурда окуяга катышуучулар эч кимдин эч кандай арыз-доосу жок экендигин билдиришкен. Ал эми социалдык тармакта тараган видеодо 10-класстын окуучулары 9-класттын окуучуларынан акча талап кылып жүргөн делген маалымат чындыкка дал келбейт. Учурда бул факты боюнча кошумча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Ош ОИИБ жарандарды такталбаган маалыматтарды таратуудан карманууга жана расмий мамлекеттик органдардан тастыктап алуу зарылдыгын эскертет.