20-апрелге караган түнү Ош облусунун Кара-Суу районунунда каттуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош-Папан-Кожокелен унаа жолунун 14-чакырымында жер көчкү жүрүп, унаа жолдун айрым жерлери жылып жана чөгүп, жараксыз абалга келтирилген.
Учурда айланма унаа жолу бар. Жолду калыбына келтирүүгө жол тейлоо ишканасынан 2 экскаватор, 2 самосвал, Папан айыл аймагынан жүктөгүч тартылган.