Abank july
SerepTV Logo

«Күйөөм өзүнө кол салып, каза болду» деп милицияга кабар берген аялдын өзү шектүү катары кармалды

«Күйөөм өзүнө кол салып, каза болду» деп милицияга кабар берген аялдын өзү шектүү катары кармалды
 
Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын ыкчам 102 номерине 4-август күнү бир аял телефон чалып, анын жарандык никедеги күйөөсү өзүнө-өзү кол салып, жанын кыйгандыгын билдирген. 

Окуя болгон Ош шаарынын У.Салиева көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине Ош ШИИБдин жетекчилиги, ыкчам тергөө тобу тез арада барышып, иликтөө иштери башталган. Күйөөсүнүн мас абалында жашоодон тажап кеткендигин айтып, капыстан өзүнө-өзү кол салып, моюнунун сол тарап жагына бир нече жолу ашкана столунун үстүнөн алган бычак менен сайып жибергендигин анын жарандык никедеги 1985-жылы туулган аялы Евгения (аты өзгөртүлдү) ыйлап айтып берген. Оор жарааттан 1989-жылы туулган Григорий (аты өзгөртүлдү) окуя болгон жерде каза болгон.

Ош ШИИБдин ыкчам кызматкерлери алгач алынган маалыматты текшерүүгө алышкан. Жансыз дененин алган жаратынын өзгөчөлүгү, аялдын көрсөтмөлөрүнүн чындыкка туура келбей, чаташып жаткандары жана анын өткөн кылмыштуу жолу (мурда адам өлтүрүүгө аракет жасагандыгы үчүн соттолуп чыккан) аялдын өзүнүн бул кылмышка тиешеси бар экендигинен шек жараткан. Ыкчам иш аракеттеринин натыйжасында анын жарандык никедеги аялы өзгөчө оор кылмыш жасагандыгын моюнуна алып, стол устүндо чогуу алкоголдук ичимдиктерин ичип отурушуп, өз ара келишпестиктен айтыша кетишкендигин, анын натыйжасына өзүн кармана албай столдогу аш бычак менен сол моюну тарапка сайып жибергендигин айткан. Григорий окуя болгон жерден каза тапкан. Өзү кылмыш жоопкерчилигине тартылуудан коркуп, жалган көрсөтмө бергендигин моюнуна алды. Учурда шектүү Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен тергөө иштери жүрүп жатат.