Ош шаарына жаңы 120 атайын техника тапшырылды

Кечээ, 11-августта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарынын мэриясына жалпы 21 түрдөгү 120 даана атайын техникаларды тапшырды. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана калаа тургундары катышты.
Жаңы техникалар шаар көчөлөрүн жууп-тазалоо, шыпыруу, кышкысын жолдордогу карды күрөө, туз себүү сыяктуу иштерде колдонулат. Ошондой эле автовышкалар, крандар, HOWO, SHAHMAN оор жүк ташуучу унаалар, жолго асфальт төшөөчү техникалар бар. Бул техникалар президент Садыр Жапаров мамлекеттик турукташтыруу фондунан бөлүп берген 500 млн сом каражатка сатып алынды.