Ош шаарында «Ак калпак» инсталляциясы ачылды (сүрөт)

Бүгүн, 4-март күнү Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы сейил багында 5-март – Ак калпак күнүнө карата “Ак калпак” инсталляциясынын ачылышы болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

«Бийиктиги 4 метр болгон инсталляция үч бурчтуу түз призма болуп, анын бардык тарабында Ош шаарынын бренди коюлуп, үстүнө улуттук баш кийим – Ак калпак орнотулган. Андан соң Ак калпак күнүнө карата иш-чаралардын алкагында шаардын борбордук көчөлөрүндө массалык жөө жүрүш өттү»,- деп айтылат маалыматта.