Ош шаарында жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Бүгүн, 11-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун жана президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаевдин жана Жогорку кеңештин депутаттарынын катышуусунда №87 «Акылман» мамлекеттик бала бакчасынын ачылышы болду.

Бул балдар бакчасы УКМК жана Чек ара кызматынын жергиликтүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин балдары үчүн курулган. 150 балага ылайыкташкан мекемеде балдар үчүн заман талабына ылайык бардык шарттар түзүлгөн. Ачылыш аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, атайын кызматтын өздүк курамы жана үй бүлө мүчөлөрү жана УКМК ардагерлери катышты.

Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп жатып: «Атайын кызматтын жана чек арачылардын кызматтык жана үй-бүлөлүк жашоо шартын жакшыртуу аракети өлкө жетекчилиги үчүн өзгөчө мааниге ээ, ошого жараша кызматкерлерге коюлган талаптар дагы күчөтүлгөн», — деди.