Ош шаарында мечиттерде дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат (сүрөт)

Ош шаарындагы мечиттерди массалык түрдө дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат. Ош мэриясынын маалыматына караганда, бул иш шаардагы 80 мечиттин баарында жүргүзүлөт. Учурда жума намазы окулган 41 мечитте жайларды дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү.

Жумушту санитарды көзөмөлдөө борборунун атайын адистери, дезинфекциялык станция жана казыят менен биргеликте жүргүзүшөт. Мечиттерди дезинфекциялоо апта сайын жума намазга чейин болот.