Иш-чаралар эртең менен сүмөлөк жасоо фестивалы менен башталып, андан соң борбордук аянтта “Нооруз — 2023” деп аталган салтанат тартууланды. Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаардык кеңештин депутаттары, жашоочулар жана коноктор катышты. Иш-чара чоң концерттик программа менен коштолуп, театралдаштырылган оюн-зоок тартууланды. Ошондой эле аянтта кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү болуп, спорттук мелдештер уюштурулду.
Ошто төрт эм төрөлгөн үй-бүлөгө үч бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды
"Төрт эм төрөгөн үй-бүлөгө президент Садыр Жапаровдун белеги - үч бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырдык". Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жанар...












