Кечээ, 20-март күнү Ош шаарындагы «Имам аль Бухарий – Алай» атындагы борбордук мечитте окулган айт намаз алкагында, жаңыдан курулуучу мечиттин долбоору шаар тургундарына тааныштырылды. Бул тууралуу муфтияттан каарлашты.
Иш-чарага шаар башчысы Жанар Акаев катышты. Калаанын борбордук мечитин заманбап кылып кайрадан куруу алдында Мекендин тынчтыгы, мамлекеттин бүтүндүгү, калайыктын амандыгы үчүн дуба кылынып, дүйнө элине тынчтык тиленип, кан чыгарылып бата кылынды. Курулуш иштери бүгүн, 21-март күнү башталары пландалды.
Учурдагы 44 сотых аянтка салынуучу мечитти кыргызстандык демөөрчү өз эсебинен куруп бермей болду. Заманбап талапка ылайыкталган мечит болжолдуу 6 кабаттан болуп, төмөнкү 2 кабаты унаа токтотуучу жай үчүн каралганы долбоордо көрсөтүлгөн.