Ош-Стамбул-Ош түз аба каттамы 8 жылдан кийин жанданды

Бүгүн, 1-октябрда Ош-Стамбул-Ош түз аба каттамы ачылды. Биринчи каттамдын жүргүнчүлөрүн «Ош» эл аралык аэропорту салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Конокторду «Манас» эл аралык аэропорттун башкы директорунун инфраструктура жана региондук өнүктүрүү боюнча орун басары Абдималик Бусурманкулов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, «МАМ» ААКтын экономика, финансы жана өнүктүрүү боюнча башкы директорунун орун басары, Ош эл аралык аэропортунуну кызматкерлери тосуп алышкан.

Ош-Стамбул-Ош каттамы боюнча аба транспорту Түркиянын “Pegasus” авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылат. Жүргүнчүлөр бул аба каттамын дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү пайдалана алышат. Учуу убактысы 5 саат 30 мүнөт. Биринчи рейс менен 130 жүргүнчү келген.