Бүгүн, 5-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев “Ош-Тазалык” ишканасына «Мастер Микс» компаниясы тарабынан алынып, мэриянын балансына өткөрүлүп берилген атайын техникасынын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Жеңишбек Токторбаев аталган курулуш компаниясынын директору Шайырбек Мыктыбековго ыраазычылык билдирип, жаңы атайын көчө тазалоочу унааны сынап көрдү.