Ошко Москвадан Өчпөс оттун бөлүкчөсүн алып келишти

Бүгүн, 6-майда таңга маал саат 6:30да Ош эл аралык аэропортунда «Эскерүү отун» — Кремлдин дубалындагы  белгисиз жоокердин мүрзөсүндөгү Өчпөс оту алып келинди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Аны жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Кыргыз Республикасындагы Орусия кызматташтыгынын, Ош шаарындагы Орус үйүнүн, Орусиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү тосуп алышкан.

Түбөлүк оттун бөлүкчөсү Ош шаарынан соң өлкөнүн башка шаарларына өткөрүп берилет. Өчпөс от — элдин эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргоп, дүйнөнү улутчулдуктан бошоткон бардык улуттагы советтик жоокерлердин эрдигин эскерүүнүн символу болуп саналат.

Ош шаарына Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын элесине арналган Өчпөс оттун бир бөлүгүн Бүткүл орусиялык «Элдик фронт» коомдук кыймылынын борбордук штабынын мүчөсү, Биринчи каналдын теле алып баруучусу Юлия Барановская жана блогер Екатерина Шугаева алып келишти.