ОшМУнун студенти, индиялык жигит 6-кабаттан кулап, көз жумду

Бүгүн, 5-майда саат 16:00 чамасында Индиядан келген 2001-жылы туулган ОшМУнун медицина факультетинин 4-курсунун студенти өзү жашаган Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан кулап, каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Окуя болгон учурда ал үйдө бирге жашашкан жана үйүнө келген бир нече мекендеш коноктору болгон. Учурда бул факт боюнча териштирүү иштери башталды, тиешелүү экспертизалар дайындалды.