ОшМУнун 85 жаштагы студенти: «Убагында турмуштук кыйынчылыктардан улам окуумду таштап койгом»

85 жаштагы Мамат Кулматов аксакал учурда ОшМУнун медицина факультетинин кечки бөлүмүнүн фармацевтика адистигинде 1-курста окуп жатат. Бул тууралуу аталган университеттен билдиришти.

Ал 76 жашында Аравандагы медициналык колледжге тапшырып, 79 жашында аяктагынын айтты. Жаш мезгилинде болсо айыл-чарба техникумунда окуп, агроном адистигине ээ болгон. Айыл-чарба багытында көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, жаңы уруктарды өндүрүү багытында тажрыйбаларды да жүргүзүп келет.

«ОшМУга 1959-жылы биохимия адистигине тапшырганмын. Бирок ошол мезгилдеги турмуштук кыйынчылыктардан улам окуумду таштап койгом. Ар бир адам илимдүү болушу керек. Канча жашта болбосун билим алууга кеч болбойт. Мен элдик табыпчылыкты да өздөштүрүп келем», — дейт ал өз сөзүндө.

«27 жылдан бери ушул тармакта  окутуучу болуп иштесем, биринчи жолу практикамда улуу жаштагы  ата студентим болуп жатат. Бир чети атаны көрүп сүйүнсөм, бир чети суктандым. Биз буга чейин мындай көрүнүштү чет өлкөдөн гана көрсөк, бизге да келип жатканы мени аябай кубандырды», — дейт органикалык химия предметинен сабак берген окутуучусу Махира Мирзаева.