«Ошол элеби же дагы өзгөрдүбү?». Мадумаров жубайы тууралуу үн катты

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров журналист Жылдыз Муслимовага берген маегинде жубайы тууралуу берилген суроого жооп берди.

Анда «аяш мурдагы эле аяшпы же дагы өзгөрдүбү?» деп журналист сураган. Буга карата саясатчы «Маңдайга бүткөн бир нике. Ошол. Бүттү. Эгерде сен жөнүндө сөз кылып жатса, сенин жашооң алардыкына караганда кызык деп бил дешет. Артыңдан сөз кылса, анда сен анын алдына өтүп кетиптирсиң деп бил дешет» деп жооп берген.