Ошто 1 жашар бала эшиги бекилген батирдин ичинде калып калган

ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын куткаруучулары бекилип калган батирдин эшиги ачып беришти. Бул тууралуу ӨКМДен билдиришти.

Алиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган жаран батирине кире албай калгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Батирдин ичинде 1 жашар бала болгон. Куткаруучулар тобу бекилип калган эшикти атайын шаймандар менен ачып, баланы апасына өткөрүп беришти. Бала медициналык жардамга муктаж эмес. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары баланын жакындары менен профилактикалык баарлашуу өткөрүп, баланы кароосуз калтырбоого чакырышты.