Ошто 13 жаштагы кыз өз өмүрүн кыюуга аракет кылды

иллюстрация

Ошто 13 жаштагы кыз өз өмүрүн кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Авиценна көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринин 2008-жылы туулган тургуну балкондон секирип өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Куткаруучулар кыз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз өмүрүн кыйбоого көндүрүшүп, аман-эсен куткарып, ата-энесине өткөрүп беришти. Жерине 4 куткаруучу тартылган.