Ошто 15 мугалимге үй салуу үчүн жер тилке берилди

Бүгүн, 26-август күнү Билим берүү кызматкерлеринин Ош облустук август кеңешмеси өттү. Анын алкагында президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов тарабынан билим берүү тармагынын 15 кызматкерине турак жай куруу үчүн жер тилкелерин алууга сертификаттар берилди.

Мындан сырткары, “Алтын Тамга”, “Алтын сертифкат” жана республикалык олимпиада жеңүүчүлөрүнө, алар окуган орто мектептерге жана билим берүү тармагынын өнүгүүсүнө салым кошкон мугалимдерге акчалай сыйлык жана ардак грамоталар тапшырылды. Ошондой эле, Ош облусундагы мыкты “Мектеп” жана “Бала бакчалар ” аныкталып, 10 миң сомдон акчалай сыйлык жана диплом менен сыйланды.

1. Мыкты мектеп — Кара-Суу району “Маданият” орто мектеби;
2. Мыкты инновациялык мектеп — Кара-Кулжа району Бегиев орто мектеби;
3. Мыкты шаардык мектеп — Ноокат району Абдуллаев орто мектеби;
4. Мыкты бала бакча — Өзгөн району “Жыргалай” бала бакчасы;
5. Мыкты инновациялык бала бакча — Кара-Кулжа району “Мээрим” балдар бакчасы;
6. Мыкты шаардык бала бакча — Өзгөн шаары “Аймээрим” бала бакчасы;
7. Мыкты типтүү бала бакча — Ноокат району “Келечек” балдар бакчасы.