Ошто 16 жаштагы Азизбек Исраилжанов 11 күндөн бери дайынсыз болуп жатат

Ошто 2006-жылы туулган Исраилжанов Азизбек Бахрамжанович изделип жатат. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Ал 5-август күнү болжол менен саат 17:30 чамасында Ак алтын көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Бою 165-170 см, чачы кара, орто дене түзүлүштө. Салмагы 55-60 килограмм. Кийген кийимдери: кара түстөгү футболка, кара түстөгү шым, бутунда спорттук бут кийим.

Ак-Буура милиция бөлүмү жарандардан бул жигит тууралуу маалыматтары болсо, (03222)-6-64-02, 0509-22-69-32 номурлары аркылуу маалымат берип коюушуӊуздарды суранат.